Касымалиев: Кыргызстан инвестициялык жагымдуу өлкөгө айланып бара жатат

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Кыргызстан инвестициялык жагымдуу өлкөгө айланып бара жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес” форумунда билдирди.

Ал өз сөзүндө глобалдашуу шартында Кыргызстан үчүн чет өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү экенин, өлкөдө экономикалык саясаттын туруктуулугу камсыздалып, инвестициялык ишеним өсүп жатканын

“Кандай гана мамлекет болбосун, азыркы экономикалык жана саясий интеграциялык ааламдашуу процесси жүрүп жатканда жалаң гана өзүнүн жеке ресурстарына таяна албастыгы белгилүү. Андыктан, ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө чет өлкөлөр менен байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү абдан маанилүү. Бул багытта Кыргызстан менен өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыктын потенциалын ачуу үчүн жигердүү аракеттер көрүлүп жатат. Кыргызстандын бийлиги менен экономикалык саясаттын туруктуулугуна болгон сиздердин ишеним жылдан жылга артып, натыйжада инвестициялардын туруктуу өсүшүнө алып барууда. Булар Кыргызстандын инвестициялык жагымдуу өлкөгө айланып бара жаткандыгын тастыктайт. Инвесторлор туруктуу жана адилеттүү эрежелер жана өнүгүүгө саясий кепилдик бар жерлерге келет.

Бүгүн өлкө мунун баарын иш жүзүндө көргөзүүдө. Белгилей кетсек, 2021-24-жылдары аралыгындагы түз инвестициялардын орточо көлөмү 1995 болуп, 2020-жылдарга салыштырмалуу 140%га өстү.

Тышкы инвестициялардын агымы жыл сайын күч алууда. Гидроэнергетикага, логистикага, айыл чарбасына, тоо-кен өнөр жайы, IT тармагына, адал индустриясына, туризмге, фармацевтикага инвестицияга өзгөчө көңүл буруп жатабыз”,-деди.