Касымалиев Кыргыз футбол биримдигиндеги ишин таанышуудан баштады

Коом 15 май 2026 17:45
701302006_1451129957057390_8307300370053710017_n.jpg
699443287_1451130007057385_455163768859732628_n.jpg
699010823_1451129967057389_2594123943620416189_n.jpg
698606396_1451130083724044_2734550536691306278_n.jpg
698639885_1451130063724046_3930472527799357308_n.jpg
699416311_1451130030390716_2342427170136156903_n.jpg
701636412_1451130123724040_7958763636945110947_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин жаңы шайланган президенти Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин жамааты жана курама командалардын машыктыруучулары менен таанышты.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө өлкө футболун өнүктүрүү боюнча алдыдагы максаттар, стратегиялык багыттар жана пландар талкууланды. Өз сөзүндө КФБ президенти футбол тармагындагы бардык багыттарда системалуу иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи.

"Алдыда өлкө футболун өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн максаттар жана долбоорлор бар. Баарыңыздарга жемиштүү иш, жаңы ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ийгиликтүү ишке ашышын каалайм", - деди Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары, КФБ президенти футбол академиясынын аймагын, машыгуу инфратүзүмүн жана КФБнын кеңселерин кыдырып чыгып, учурдагы шарттар менен таанышты.