Касымалиев: Бүгүн 67 өндүрүш ишканасы ачылды

Экономика Загрузка... 29 Август 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-08-29 at 15.53.28 (1).jpeg
copyright icon www

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Бүгүн өлкө боюнча 67 өндүрүш ишканасы ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн – Мырза Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун жана өндүрүш ишканаларынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, президент жыл сайын социалдык объекттерге катарлаш эле 100 өндүрүш объекттисин пайдаланууга берүүнү тапшырган.

"Быйыл министрлер кабинети 134 ишканасы пайдаланууга берүүнү пландаган. Эгемендүүлүк майрамына карата 67 ишкана ишке берилип жатат", - деди ал.

Касымалиев белгилегендей, алардын ичинде 10 айыл чарба ишканасы, соода-логистикалык борбор – 4, энергетикалык объект – 4, жеңил өнөр жай ишканасы – 4, жол куруу боюнча 5 ишкана, курулуш материалдарын чыгара турган 16 ишкана бар.