Касымалиев: 3 жылда ишкерлерге 30,8 млрд сомдук кепилдик берилди

Экономика Загрузка... 24 Декабрь 2025 12:25
356488_JsTTJ5y.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. 2022-2025-жылдары улуттук экономиканын 18 субъектиси үчүн 30,8 млрд сомго кепилдик берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске 12 банк аркылуу 9,5 млрд сом пайызсыз насыя берилип, ал эми алуучулардын саны 11 миң 860ты түзгөн.

“2025-жылы чакан жана орто ишкерликти жеңилдетилген каржылоо долбоору ишке киргизилип, ишкерлерге жылдык 12% жеңилдетилген ставка менен 500 млн сом каралган. Ошондой эле ак ниет ишкерлер реестри түзүлүп, аларга текшерүүлөрдөн бошотуу жана VIP кызматтар сыяктуу артыкчылыктар берилет.

Бизнес сектор олуттуу өсүү көрсөтүп, 2025-жылдын 9 айында чакан жана орто ишкерлик тарабынан түзүлгөн кошумча дүң нарк 46%га өсүп, 641 млрд сомду түздү. ИДПнын үлүшү 42%дан 52%га чейин жогорулады. Иштеп жаткан ишканалардын саны 20 миң 300гө, иштегендердин саны 616 миң 900гө жетти”,- деди Касымалиев.

Ошондой эле өкмөттүк акселератор программасынын алкагында 2025-жылы ишкер чөйрөнү жакшыртууга багытталган 12 реформа ишке ашырылганын маалымдады. Бул чаралар лицензияларды жана уруксаттарды алуу, курулуш жана жер тилкелерин трансформациялоо чөйрөсүндө уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун бир кыйла жеңилдетти.