Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент Загрузка... 30 Март 2025 10:37
IMG_3896.jpeg
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.03.25. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Адамзатты руханий жактан тазаланууга жана ар тараптуу өркүндөөгө жетелеген бул ыйык майрамда элибиздин биримдиги бекемделип, бакубатчылыгыбыз өсө берсин.

Бардык мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп, кайгыруу менен узатып жаткан ушул ыйык күндөрдө Сизге чоң бакыт жана жооптуу кызматта ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.