Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Кытайдын Кашкар шаарында Кыргызстандын айыл чарба продукциялары үчүн атайын кампа ачылды. Бул тууралуу бүгүн "Биринчи радионун" түз эфиринде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, ал жерде Кыргызстандан келген айыл чарба продукциялары сертификациядан өтүп жатат.
«Бүгүнкү күндө биз Кытайга продукциянын 12 түрүн экспорттой алабыз», - деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Кытай соода жүгүртүүнү 30-40 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенин жатканын билдирген.