Каржылык сабаттуулук - бул акчаны канча тапканыңыз эмес, аны кантип туура колдонуп, башкара билгениңиз. Ал киреше, чыгым жана топтоону туура тең салмакта кармоого жардам берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине үй-бүлөлүк бюджет жана балдарды каржылык сабаттуулукка тарбиялоо боюнча эксперт жана каржы кеңешчиси Софи Ширин Даулет кеңири айтып берди.
Каржылык сабаттуулук деген эмне?
Адамдар “каржылык сабаттуулук” дегенде адатта эки түрдүү ойдо болушат. Айрымдар муну ашыкча үнөмчүлдүк катары түшүнүп, ар бир тыйынды эсептеп, кичинекей ырахаттардан да баш тартуу керек деп ойлошот. Ал эми экинчилери болсо, акчаны көбүрөөк тапсам, калган маселелер өзүнөн-өзү чечилет деген пикирде болушат.

Чынында, бул эки көз караш тең туура эмес. Эгер адам дайыма үнөмдөп жашаса, бүгүнкү күн менен эмес, күтүү режиминде жашап калат. Ошондой эле акчаны көбүрөк таап, бирок аны туура башкара албаса, киреше көбөйгөнү менен баары бир чыгымдар менен карыздар токтобойт.
Каржылык кеңешчи катары айтсам, бул жердеги негизги нерсе — көп акча табуу эмес, акчаны кармай билүү. Каржылык сабаттуулук — бул жөн гана адамдын өзүнүн энергиясын жана ресурстарын туура башкаруу жөндөмү. Бул каражат табуу, аны акыл менен сарптоо, үнөмдөй билүү жана өзү үчүн иштете билүү дегенди билдирет. Дароо эле татаал инвестицияларга кирип кетүү же чыгымдарды эсептей турган тиркемелерди жүктөп алуунун кереги жок.
Талдоо жүргүзүңүз
Ар бир тыйынга чейин эсептесеңиз тез эле чарчап каласыз. Анын ордуна бир жолу талдоо жүргүзүп, бир айда орточо эсеп менен канча акча кайсы жакка кетип жатканын карап чыгыңыз. Адатта, чыгымдардын кайда кетип жатканын түшүнүү үчүн эң көп дегенде 3 айдын чыгашалары жетиштүү болот.

Максат коюңуз
Акча акчага иштебейт. Анын эмне үчүн керек экенин так түшүнүү маанилүү. Өзүңүзгө “бул акча мага эмнеге керек?” деген суроо бериңиз. Үй алуу, балдардын билимине каражат топтоо, карылыкка даярдык же балким, күтүлбөгөн жагдайлар үчүн. Максат — бул сизге жол көрсөтүп турган багыт.
Каржы планын түзүңүз
Биз азыр кандай абалда экенибизди талдоо жана эмнени каалап жатканыбызды түшүнгөндө, ага жетүүнүн жолдорун ойлоп баштайбыз. Мына ушул каржы планы деп аталат. Ага кирешелер, чыгымдар жана топтогон каражаттар, баары кирет. Ал эми бул—сиздин максатка жетүү стратегияңыз.
Ой жүгүртүүнү өзгөртүңүз
Аракетсиз план бул жөн эле кагаз. Каржылык сабаттуулук күнүмдүк адаттар аркылуу жана акчага болгон мамилени өзгөртүү менен гана калыптанат. Акчаны жөн эле шашылыш сатып алуулар үчүн эмес, мүмкүнчүлүк жана ресурс катары көрүү керек.

Бир жумада таштап койбой турган каржы планын кантип түзсө болот?
Көпчүлүк “каржы планы” дегенде чоң таблицаларды жана татаал эсептерди элестетет. Чындай келгенде бул болгону сиздин жөнөкөй стратегияңыз.
Аны баштоо үчүн ыңгайлуу ыкмалардын бири бул “50/30/20” эрежеси.
Кирешенин 50%ы—негизги керектөөлөргө (үй, тамак-аш, милдеттүү төлөмдөр);
30%ы—жашоодогу ырахаттарга (хобби, эс алуу, кафе);
20%ы—келечек үчүн (топтоо жана инвестиция).
Жөнөкөй сөз менен айтканда, акчаны туура бөлүштүрүп колдонуу каржы планын түзүүнүн эң оңой жолу. Эң башкысы, муну татаал бир эреже катары карабаш керек. Себеби, ар кимдин абалы ар башка. Ипотекасы же карыздары барлардын пайыздык бөлүштүрүүсү башкача болот. Ал эми жаштарда түйшүк жок кезде, топтолчу каражаттын үлүшү 20%дан да жогору болгону жакшы. Бул капитал топтоого эң ылайыктуу учур.
Каржы план—бул өзгөрүп туруучу, “жандуу” инструмент. Аны өзүңүздүн чыныгы жашооңузга жараша түзүп, туура адаттарды киргизип, акырындык менен ой жүгүртүүңүздү өзгөртөсүз. Натыйжада, акчага көз каранды болуп, айлыкка жетеби-жетпейби деп тынчсызданбай каласыз. Тескерисинче, акча сиз үчүн иштеп, туруктуулук жана эркиндик пайда болот.

Инфляция өсүп жатканда эмне кылуу керек?
Чыгымдарды карап чыгуу
Экономика туруксуз болгондо, ар бир үй-бүлө өзүнчө “кризис-менеджер” болушу керек. Бул ачка жүрүш керек дегенди билдирбейт. Чыгымдарды карап чыгып, кереги жок нерселерден баш тартуу, бир нерсе сатып алуунун алдында ойлонуу зарыл. Биз дүйнөлүк бааларды көзөмөлдөй албайбыз, бирок акчабызды кайда жумшап жатканыбызды көзөмөлдөй алабыз. Бул жердеги максат акчаны текке кетирбей, ошол эле учурда сапаттуу жашоо.
Кирешени көбөйтүү
Үнөмдөөнүн да чеги бар. Бул жердеги эң туура жол кирешени көбөйтүү. Азыркы өзгөрмө замандагы эң чоң байлык бул өзүңүз. Квалификацияңыз жогору болбосо да, кошумча иш табууга, жаңы нерсе үйрөнүүгө же жакшырак төлөнгөн тармакка өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Каржылык жактан сабаттуу адам бул дайыма өзүн өнүктүрүп, эмгек базарында өз баасын көтөргөн адам. Анткени инфляция “тийише” албаган жалгыз нерсе бул сиздин жөндөмүңүз.

Бала каржылык сабаттуулукту качан үйрөнүшү керек?
Бул нерсени мүмкүн болушунча эрте, болжол менен 3 жаштан баштоо туура. Ар бир жаш курактын өзүнө жараша ыкмасы болот, бирок негизги түшүнүк дал ошол бала кезде калыптанат. Бул жердеги максат баладан ашыкча үнөмдөгөн, бир тыйын короткондон корккон адамды тарбиялоо эмес. Акчаны туура колдонуу жөндөмүн үйрөтүү. Муну сөз менен эмес, практика аркылуу үйрөтүү зарыл.
- Балага ката кетирүүгө мүмкүнчүлүк берүү;
- Өз алдынча тандоого шарт түзүү;
- Сатып алуулардан кийин жыйынтык чыгара билүүгө үйрөтүү.
Бирок, балага баары бир чөйрөсү таасир этет. Ошондуктан эң биринчи ата-энелер өзү каржылык жактан сабаттуу болушу керек.
Жыйынтыктап айтканда, эгер сиз каржылык жактан сабаттуу баланы тарбиялагыңыз келсе анда өзүңүздөн баштаңыз. Акча башкарылуучу каражат экенин көрсөтүңүз.