Бүгүнкү күндө акча табуу эле эмес, аны туура башкара билүү да маанилүү. Дал ушул жөндөм каржы сабаттуулугу деп аталат. Бул – адамдын акчаны туура пайдалануу, чыгымын көзөмөлдөө, топтоо менен келечекке инвестиция жасоо жөндөмү.
Каржылык сабаттуулук деген эмне?
Каржылык сабаттуулук - жөнөкөй тил менен айтканда адамды акча эмес, акчаны адам башкаруусу.
Эксперт Нурлан Бейшебаевдин түшүндүрүүсү боюнча, адамдын сабаты окуганды, жазганды үйрөнгөндө жоюлса, мында анын каржылык сабаты - ал каржыны башкарганды үйрөнгөндө жоюлат.

“Адам жашоосун тапкан акчасына жараша жашайт. Эсептеп жашаш керек дегенде эле биз дароо үнөмдөөнү элестетебиз. Бирок, үнөмдөө бул каржы сабаттуулугу эмес. Ал айлык акынын аздыгына дагы, инфляцияга дагы карабайт. Себеби, инфляция буга чейин эле болуп келген. Болуп жатат жана мындан ары да боло берет.
Каржы сабаттуулугунун негизи базасы – бул кандай гана айлык акы же киреше болбосун колдогу каржыны туура пайдалануу. Адам каржылык жактан сабаттуу болушу үчүн биринчи кезекте бул боюнча билим алышы керек. Мисалы, интернет булактарында көп сандаган маалыматтар, окутуу, үйрөтүү ыкмалары бар”,-дейт ал.

Каржы максаты болушу керек
Эң башкысы каржылык сабаттуулукту жашоодо колдонуу керек.
“Акча чогултуу көпчүлүк адамдар үчүн оор. Бирок аны адат кылууга болот. Канча акча келбесин, анын бир бөлүгүн сактап коюу зарыл. Бул келечектеги инвестицияга салым болот. Эң негизгиси - план жана максат болушу керек. Эгер адам эмне үчүн үнөмдөшүм керек деген суроого жооп алса, калган иштер автоматтык түрдө ордуна келет”,- дейт эксперт.
Мисалы, айына 50 миң сом тапкан адам анын канча бир бөлүгүн сөзсүз сактап коюусу керек. Суммасы чектелген эмес, эң башкысы - аны аткаруу.

Каржылык сабаттуулукту бала кезден үйрөнүү зарыл
Бейшебаев каржылык сабаттуулукту балдарга 10 жаштан баштап үйрөтүүнү сунуштайт.
“Негизи эле балага кичинекей кезинен акчанын кайдан келерин, кайда жумшалып жатканын айтып, көрсөтүп, түшүндүрүп, акча жетпесе “жетпей жатат, чогултуу зарыл деш” керек. Айрым ата-энелер баланы акча маселесине аралаштырбай чоңойтууну туура көрүшөт. Бирок бул туура эмес. Бала билип чоңоюшу шарт.
Ал эми 10 жаштан тарта колуна акча берип, аны туура колдонгонду үйрөтүү зарыл. Колуна акча карматпай эле айта берүү дагы, комуз бербей комуз чертүүнү үйрөткөндөй болот. Андыктан, анын өзүнүн айлыгы, бюджети, киреше-чыгашалары болгону туура.

Бюджетти жазуу - акчаны туура пайдалануунун негизги жолу
Киреше-чыгашаларды жазуу каржыны көзөмөлдөөгө жардам берет.
Туруктуу чыгашалар: ижара акысы, ипотека, насыялар, коммуналдык төлөмдөр.
Өзгөрмө чыгашалар: тамак-аш, кийим, көңүл ачуу, эс алуу, үй буюмдары, жеке кам көрүү.
Үч айдан кийин канча акча келгенин жана кайда кеткенин талдап, кайсы чыгашалардан баш тартса болорун аныктоого болот. Бул кыйын болсо да, чыгымды азайтууга жардам берет.
50–30–20 эрежеси
Дагы бир натыйжалуу ыкма - 50–30–20 эрежеси. 50% акча негизги туруктуу чыгашаларга кетсе, 30% өзгөрмө чыгашаларга, ал эми 20%ды чогултканга жана инвестицияга калтырса болот.

Сатып алардан мурун ойлонуңуз
Адамдын мээси аны кээде импульсивдүү сатып алууларга түртөт. Ал эми муну жарнама, маркетинг, айлана-чөйрө жана ички маанай күчөтөт.
Бул үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонсоңуз болот:
Буюм чындап керекпи же жокпу арсар болуп жатсаңыз, жок дегенде 24 саат же бир нече күн күтүңүз.
Шопинг үчүн соода борборуна баруунун ордуна паркка сейилдөө, музейге баруу, спорт менен машыгуу, сүйүктүү китепти окуу же кызыктуу тасма көрүү менен алаксыңыз.

Насыя жана карыздардан этият болуу
Карызды зарыл болгон учурларда гана алыңыз:
- турак жай алуу,
- ишке керектүү буюмдар,
- дарылануу.
Бир убакта көп насыя алуудан алыс болуңуз. Жаңы насыяны эскиси толук жабылгандан кийин гана алыңыз.
Каржы сабаттуулугу - бай болуунун эмес, туруктуу жана коопсуз жашоонун куралы. Акчаны туура башкарган адам гана өз келечегин ишенимдүү кура алат. Бүгүндөн баштап каржы маданиятын өнүктүрүү - эртеңки туруктуулуктун кепилдиги.