Каржы секторунун активдери жана депозиттери дээрлик 50 пайызга өстү

Экономика Загрузка... 01 Июль 2026 12:25
naczionalnyj-bank-kr-850x560.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын банк жана каржы секторунда ири өсүш катталды. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча отчётунда айтылат.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, өткөн жылы каржы институттарынын активдери 47%га, ал эми депозиттик базанын көлөмү 46%га өскөн.

Өзгөчө көрсөткүч катары исламдык каржылоонун көлөмү өлкөдө дээрлик 2 эсеге жогорулаганы белгиленди.

"Бүгүнкү күндө мындай кызматтарды 18 каржы институту көрсөтүп жатат, ал эми бир коммерциялык банк толугу менен исламдык каржылоо моделине өттү", - деп айтылат маалыматта.