Карылар күнү. Көрөңгө

Коом Загрузка... 01 Октябрь 2025 15:50
1050544675_0_180_3067_1905_1920x0_80_0_0_1938c392a8ecc2032765d3a44debf604.jpg
copyright icon www

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. / Кабар/. Күнү да, түнү да кулактын кужурун алып, ары-бери агылган унааларды балкондон карап олтуруп, оо мындан кырк жыл илгерки балалыкка кайтып барам да, аргасыз оор улутунам. Шаар турмушу жанга батканда жаздын күнү жердин мээси чыгып, ылайы согончокко жеткен, ал эми жайкысын жаныбыз тынбай чымын-куюн түшүп чуркасак чаңы асманга сапырылган айылымдын көчөсүн, баарынан да уй мүйүз тартып олтурушуп алып, ооздорунан саясат эмес – санжыра, көрдүйнө эмес көңүл жылытчу сөздөр төгүлгөн карыларды эстейм.

Биздин балалыктын карылары – таптакыр башкача эле...

Алардын бир топтору кезегинде октон тайманбай от кечип, Мекенди коргойм деп жоого аттанышкандардан болчу. А менин атамдын балалык чагындагы карылар – мен көргөндөн да башкача, алар андан ашса ашып, асти кем калбаган сөзмөр, XIX кылымдын этек ченинде бул жарыкка келгендерден.

Карылар омоктуу ой таштап, макалдатып сүйлөшчү. Булар атайы олтуруп алып күнү кечке макал-лакаптарды жаттап, анан биздин алдыбызга келгенде аларын жамгырдай жаадырып атабы деп таңыркачумун. Ооба, биз, тагыраагы, менин муунум дал ушинтип ойлошчу. Дагы кандай окуя айтып берет? Башынан дагы эмне кызыктар өткөн деген суроолор менен сабырыбыз түгөнө оозун тиктеп, кызык кеп айтса кулактын курчу канып, карынын кебин капка салганга ынтызар элек...

Ар бир доорго – ар башка кары!

Ар бир доорго – ар башка бала!

Муундар алмашат. Дүйнө өзгөрөт. Аны менен кошо дүйнө тааным да...

Ар муундун өз билгени, өз ыры, өз сыры, өз муңу бар!

Дүйнө менен кошо өзгөрүп, заман менен кошо жарышып, биз барабыз алдыга карай ашыгып. Бүгүнкүнүн карысы – интернеттин дагы кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин терең түшүнбөсө да, доор менен кошо чогуу кадам шилтеп, артта калбайын деп ар нерсени аяр акмалайт.

Эми оо бир кездеги ошол биздин карылардын катарлары суюлду. Биздин замандын карыларынын эң асты согуштун каардуу жылдарынын чет-жакасын көргөн, балалыгы бактысыз өткөн, ач менен токтун айырмасын билген карылар.

Токсонунчу жылдын тозоңуна кабылып, бороонуна тоңгон, бир убакта кан кечип келип эрдиги көкүрөгүнө батпай сыймык арткан, анан кийин арадан жылдар өтүп союз ураганда төшүндөгү орден-медалдарын жайма базарда сатып олтурушкан далай карыларды көрдүк. Көрдүк да, көртирлик көкөйгө тийген ошол оор заманга наалат айттык. Алар ушундай алдым-жуттум заман үчүн кан кечтик беле деп зээни кейип, мындай тирукмуш көрүнүштү күтпөгөнүн, багар-көрөрү жок калып, карылар үйүн башпаанектеп калышарын үч уктаса түшүндө да көрүшпөгөн.

Көчөгө чыкканда айланаман кары издемей адат бар. Токсон жаштан оогон, жүзгө жашы жетейин деген кары тапсам, төбөм көккө жете сүйүнөм. Эгер баштарынан өткөн бир шумдуктуу окуялар болсо, ойлорун ортого салса деп дегдеп, кепке тартканга аракет кылам.

Алардын көргөн-билгенин, айткан дегенин, көөдөндө түнөгөн ойлорун, көрөңгөсүн азыр алып калбасак, анда бизди келечек кечирбейт!

Биз, кай жерде болсок да карыларыбызга кайдыгер карабай, өткөн күндүн тарыхын өзүлөрү менен кошо көтөрө жүрүшкөнү үчүн таазим этүүгө милдеттүүбүз! Биздин карылар бир кезде жыргал заманды курабыз, ошол жыргал заман биздин балдарыбыздын энчисине айлансын деп, ак эмгек менен алпурушкандар. Өтмүштүн элестерин өзүлөрүнүн боюнда катып, ошол шаңдуу доордун добушун жар салсак деген карылар дөөлөттүү турмуштун ээси болууга укуктуу.

Тилегеним, карыны көрсө кастарлагандар – арабызда арбын болсун!