Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Картошканын баасынын өсүшүнө бир нече факторлор себеп болууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда картошканын баасы орточо 40 сомду түзүүдө. Баанын өсүшү негизинен жашоо-турмуштун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу болуп жатат.
“Мисалы, эгер бир киши айына 100 миң сом тапса, анын 50 миңин керектөөгө жумшап, калганын сактоого мүмкүнчүлүгү болот. Бирок, бизде калктын көбү кирешесинин баарын тамак-ашка жумшайт. Ошондуктан, азык-түлүктүн кымбат арзанына карабай сатып ала беришет. Муну сатуучулар билишет жана бааны жогорулатып сата беришет. Бул экономиканын классикалык көрүнүшү.
Ошондой эле айрым дыйкандар түшүмүн жыйнап алып, жазында кымбатыраак сатам деп сактап коюшат. Биз аларга “дароо сатып башта” деп айтууга укугубуз жок. Бирок, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кээде сакталган картошка чирип, дыйкандардын өздөрү чыгым тартып калышат. Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен чогуу бул багытта иш алып барып жатабыз. Баары иштеп жатат, эчким бир орунда отурган жок”,- деди Жээналы Орозбаев.