Кармаш уруш боюнча курама команда дүйнө чемпионатында 3 медаль багындырды

Спорт Загрузка... 04 Июнь 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Кармаш уруш боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнө чемпионатында 3 медаль багындырды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандын кармаш уруш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Бурса шаарында өткөн дүйнө чемпионатына 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

Кундузбек Турсунбеков 73 кг чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи. Ошондой эле Нурсултан Көккөзов (80 кг) жана Азат Жумабаев(85 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Талас Токоров жана машыктыруучу Аманбек Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.