Каркыра – туристтерди өзүнө тарткан кооз жайлоо

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 14:50
copyright icon Кабар

Кыргызстандын чыгышында, Казакстан менен чектеш аймакта өлкөнүн эң кооз өрөөндөрүнүн бири – Каркыра жайлоосу жайгашкан. Чексиз жашыл жайыттар, Теңир-Тоонун бийик тоо кыркалары, тунук дарыялар жана таза аба бул аймакты саякатчылар үчүн эң жагымдуу жайлардын бирине айландырган.

5408921099661153835.width-800

Буга чейин Каркыра көбүнчө жайкы жайыттар, боз үйлөр жана көчмөн турмуш менен байланышып келген.

5408921099661153838.width-800

Бүгүнкү күндө өрөөн өзүнүн өзгөчө колоритин сактап калуу менен бирге, туристтик багыт катары да активдүү өнүгүүдө. Бул жерде салттуу боз үйлөр заманбап A-frame үлгүсүндөгү эс алуу үйлөрү, бардык шарттары бар коттедждер, конок үйлөрү жана эс алуу жайлары менен айкалышып турат.

5408921099661153844.width-800

5408921099661153843.width-800

Аймактын өнүгүшүндө транспорттук инфраструктураны жакшыртуу маанилүү роль ойноду. Өткөн жылдын күзүндө президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Түп – Кеген автожолу пайдаланууга берилген. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашкан долбоордун алкагында Түп – Кеген жана Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолдорунун тилкелери реконструкцияланган.

WhatsApp_Image_2025-08-10_at__UaCB2T0.max-1920.width-800

Заманбап талаптарга ылайык курулган жаңы жол Каркырага жетүүнү кыйла ыңгайлуу жана коопсуз кылып, туризмди өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

WhatsApp_Image_2025-08-10_at__mmVn6R9.max-1920.width-800

Бүгүнкү күндө бул жайга жаратылышты сүйгөндөр, ат менен саякаттоону, тоо аралоону жана үй-бүлөлүк эс алууну жактыргандар көп келишет.

Ошол эле учурда Каркыра өзүнүн кайталангыс көркүн сактап келет: жайлоодо үйүр-үйүр жылкылар жайылып, өрөөндү карлуу тоо чокулары курчап турат. Ал эми жергиликтүү тургундар кыргыз элинин меймандостук салтын бүгүнкү күнгө чейин улантып келишет.

5408921099661153836.width-800

Биздин фоторепортаж – жаратылыштын ажайып кооздугу, кылымдарды карыткан салттар жана заманбап инфраструктура айкалышкан Кыргызстандын эң уникалдуу жайларынын бири болгон Каркыра жөнүндө.

5408921099661153837.width-800