Каркыра жайлоосуна эс алуу борбору курулат

Аймак 24 Ноябрь 2025 15:50
587986142_1259395296226146_2406721394869958931_n.jpg
589417582_1259395279559481_2987981675863763714_n.jpg
587155547_1259395252892817_5460584593585482042_n.jpg
Алдыга
Артка
587986142_1259395296226146_2406721394869958931_n.jpg
589417582_1259395279559481_2987981675863763714_n.jpg
587155547_1259395252892817_5460584593585482042_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосуна жаңы эс алуу борбору курулат. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фонддун маалыматына ылайык, жергиликтүү ишкер эс алуу борборун куруу максатында долбоор жазып фондго кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ишкерге 15 млн сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген.

Долбоорго ылайык, жалпысынан 200 орундуу 19 корпус курулмакчы. Анын ичинде административдик имарат, тамактануучу жайы, жыйындар залы, көңүл ачуучу жай жана медициналык кызмат көрсөтүү жайы болот.

Аталган эс алуу борборунун курулушу менен жаңы жумуш орундары эле пайда болбостон эс алуучуларга жана чет элдик туристтерге дагы заманбап шарттар түзүлмөкчү. Бүгүнкү күндө акча каражатынын биринчи траншы каржыланды.

Учурда курулуш иштери жүрүүдө.