"Каркыра-автожол" өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштады

Аймак 26 август 2025 09:40
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_1.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_8.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_33.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_32.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_31.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_24.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_23.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_22.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_20А.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_18.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_9.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_6.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_5.JPG
КПП Каркыра перешел на круглосуточный режим_3.JPG
Алдыга
Артка

copyright icon Чек ара кызматы

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. 25-августтан тарта "Каркыра-автожол" көзөмөл-өткөрүү пункту суткалык иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Мындай чечимдин кабыл алынышы Казакстандын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен жогорку деңгээлдеги эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгында мүмкүн болду.

Бул макулдашуу эки өлкөнүн жетекчилигинин жакшы коңшулук мамилелекрди чыңдоого жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууларын айгинелейт.

Жаңы иштөө режимине арналган салтанаттуу аземге эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү: кыргыз тараптан УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги катышты.

Ал эми Казакстандын делегациясын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары Т.Жунусов жетектеди.

Иш-чарага эки мамлекттин чек арага канатташ айылдарынын аксакалдары дагы катышты.

"Чек арада транспорттун, жүргүнчүлөрдүн каттамы туруктуу өсүп жаткандыгына байланыштуу өткөрүү пункттун күнү-түнү иштөө режимине өтүп жаткандыгы стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат. Бул иш тартип чек арадан тоскоолдуксуз өтүүнү камсыздайт жана биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда туризмдин жана соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет", - деди Алимбаев.

Эки өлкөнүн делегациялары эки мамлекеттин көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарында болушуп, алардын ишмердиги менен таанышышты. Салтанат концерртик программа менен уланды.

Маалымат үчүн: "Каркыра-автожол" өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу, адамдарды жана тарнспорт каражаттарын өткөрүүгө багытталган.

2026-жылы "Каркыра-автожол" КӨП аймагында заманбап чек ара инфраструктуралык объектилердин курулушу мерчемделип, аны менен бул жактын  өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жалпы эле чек ара көзөмөл жүргүзүү деңгээлин жакшыртууга мүмкүн болоору күтүлүүдө.