Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. 5-7-сентябрь күндөрү Кытайдын Шаогуань шаарында кадеттер, юниорлор жана 21 жашка чейинки жаштар арасында каратэ WKF версиясы боюнча Азия чемпионаты өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, аталган Азия чемпионатына Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынан 18 спортчу, 3 машыктыруучу жана 3 калыс катышты.
Кадеттер арасында жыйынтыктар:
Алибаев Атахан –63 кг коло
Камилов Алинур +70 кг коло
Юниорлор арасында жыйынтыктар:
Явгет Матвей –76 кг алтын
Даян Деря +66 кг коло
21 жашка чейинки жаштар арасында жыйынтыктар:
Орозалиева Бегимай +68 кг күмүш
Акылбек уулу Эрлан –67 кг күмүш
Машыктыруучулар:
Дүйшеев Бакыт – башкы машыктыруучу
Мeдeрбек уулу Жоомарт – башкы машыктыруучу
Осмонов Шайырбек – машыктыруучу
Калыстар:
Казанов Дмитрий – эл аралык категориядагы калыс
Аманов Данияр – эл аралык категориядагы калыс
Конник Дарья – эл аралык категориядагы калыс