Каракол–Эңилчек унаа жолу ачылды

Коом
Каракол–Эңилчек унаа жолу ачылды
Каракол–Эңилчек унаа жолу ачылды
Алдыга
Артка
Каракол–Эңилчек унаа жолу ачылды
Каракол–Эңилчек унаа жолу ачылды
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-январь күнү Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунда абал турукташкандыгына байланыштуу унаа жол эки тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда 2 инженердик техника нөөмөттө турат, ал эми жылытуу пункту жарандарды кабыл алууга даяр.

Эске салсак, 2025-жылдын 23-январында адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында унаа жолу эки тараптуу жабылган.