Караколдун муниципалдык кызматтарына 16 жаңы унаа тапшырылды

Аймак 07 Апрель 2026 15:00
666905640_1427.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
666738629_1427.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
665887374_1427.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
662884262_1427.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарында муниципалдык кызматтарга техникалык колдоо көрсөтүлүп, мэрия 16 жаңы кызматтык унаанын ачкычын тапшырды.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул техника калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат.

Жаңы унаалардын ачкычтарын Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков тапшырды.