Караколдун Челпек айылына алып баруучу 7 чакырым жол асфальтталууда

Аймак 1056 23 Сентябрь 2025 15:41
552696149_18025152119733957_6501525516889605071_n.jpg
552067081_18025152122733957_436577618094944142_n.jpg
552224713_18025152101733957_8470797461323787424_n.jpg
552927386_18025152104733957_686600363627011444_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Каракол шаарынан Челпек айылына алып баруучу 7 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолдун негизи даярдалып, асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Буга чейин жолдун 1,5 чакырым тилкесине эки тараптуу асфальт төшөлүп, иштер андан ары уланууда.

Каражат Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинен каралып, иштер №35 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Бул жолдун бүткөрүлүшү Челпек айылынын элине Каракол шаарына барууну кыйла жеңилдетет.