Караколдук “Славяночка” ансамбли эл аралык фестивалда ийгилик жаратты

Маданият 09 Июль 2026 17:30
741324701_1512.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
741901325_1512.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
740686385_1512.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
742511209_1512.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Каракол шаарынын “Славяночка” элдик бий ансамбли Чолпон-Ата шаарында өткөн VI Эл аралык “Огни Кыргызстана” сынагына катышып, байгелүү орундарды ээледи.

Каракол шаардык мэриясынан билдиришкендей, фестивалга Кыргызстандын бардык облустарынан жана Казакстандан келген мыкты бий топтору катышты.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө жалпы 235тен ашык бий номери тартууланды. Катышуучулардын арасында атаандаштык күчтүү болгонуна карабай, “Славяночка” ансамбли көрсөткөн төрт бийдин үчөө биринчи орунду алды. Дагы бир бий номери үчүнчү орунга татыды.

Ансамблдин көркөм жетекчиси Вячеслав Кудинов бул жетишкендик Каракол шаарынын 157 жылдыгына арналган жакшы белек болгонун белгиледи. Ал ийгилик көп жылдык эмгектин, үзгүлтүксүз даярдыктын жана чыгармачылык изденүүнүн жыйынтыгы экенин айтты.

Ошондой эле Каракол шаардык мэриясы ансамблдин эл аралык фестивалга катышуусуна уюштуруучулук жана материалдык жактан колдоо көрсөттү.