Караколдогу зоопаркта кичинекей гуанако туулду – видео

Аймак Загрузка... 03 Декабрь 2025 09:50
copyright icon "Бугу-Эне" коомдук фонду

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Каракол зоопаркында кубанычтуу окуя — гуанаколордун үй-бүлөсүндө толуктоо болду.

"Бугу-Эне" коомдук фонду билдиргендей, дени сак гуанаконун баласы туулду, ал учурда үйүргө аралаша баштады.

Кичинекей гуанако энесинин жанында жүрөт, ал эми энеси аны кылдаттык менен кайтарып, ашыкча конокторду жолотпой жатат.