Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Каракол шаарында "Пржевальск" көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 110/35/10 кВ кубаттуулуктагы аталган көмөк чордон учурда эки күч трансформатору менен иштеп жатат.
2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА трансформаторго алмаштырылган.
Ал эми быйыл пландалган иштердин алкагында 25 МВА трансформатор дагы 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторго алмаштырылат. Ошону менен көмөк чордондун кубаттуулугу 15 МВА жогорулап, жалпы кубаттуулук 80 МВА түзөт.