Караколдогу Нооруз: Майрамдык маанай, шаңдуу концерт жана жаңы кызматтык унаалар

Аймак 21 Март 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.32.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.32.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.32.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.32.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.31.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.31.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-21 at 12.31.43.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Каракол шаардык мэриясы

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Нооруз майрамы улуттук баалуулуктар менен маданий көп түрдүүлүктү даңазалаган мазмундуу иш-чаралар менен коштолду.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, майрамдык салтанат алгач театралдаштырылган көрсөтүү менен башталып, концерттин алкагында жергиликтүү таланттуу ырчылар жана ар улуттун диаспора өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ал эми шаар тургундары менен конокторун, майрамдын катышуучуларын калаа башчысы Талантбек Иманов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Санжар Таштанбек уулу куттукташты.

Ошондой эле шаардык муниципалдык кызматтарга 16 жаңы кызматтык унаа салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Андан сырткары, майрамдын алкагында ”Бир түндүк алдындагы ынтымак“ аталышындагы боз үйлөрдүн, ”Улуттук мурас — жаңыча ой“ аталышындагы кол өнөрчүлөрдүн кароо-сынагы өттү.