Караколдогу мектеп-интернат толугу менен жаңыланууда

Аймак Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 16:45
WhatsApp Image 2026-07-28 at 16.06.10.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Каракол шаарындагы Т. Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, имаратты жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Учурда имараттын чатыры толугу менен алмаштырылып, ички жасалгалоо жана инженердик иштер аткарылууда.

Мектеп-интернаттын жалпы аянты 10 650 чарчы метрди түзүп, үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган. Андан бери объект бир да жолу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

Капиталдык оңдоонун алкагында имараттын сырткы архитектуралык көрүнүшү жаңыланып, бардык инженердик тармактары толугу менен модернизацияланат. Ошондой эле окуу класстары, китепкана, ашкана жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык жаңыланат.