Караколдо заманбап канализациялык тазалоочу курулмалар курулууда

Аймак 25 июль 2025 16:51
photo_5195019122587599126_y.jpg
photo_5195019122587599084_y.jpg
photo_5195019122587599079_y.jpg
photo_5195019122587599132_y.jpg
photo_5195019122587599130_y.jpg
photo_5195019122587599123_y.jpg
photo_5195019122587599117_y.jpg
photo_5195019122587599111_y.jpg
photo_5195019122587599105_y.jpg
photo_5195019122587599088_y.jpg
photo_5195019122587599083_y.jpg
photo_5195019122587599081_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5195019122587599126_y.jpg
photo_5195019122587599084_y.jpg
photo_5195019122587599079_y.jpg
photo_5195019122587599132_y.jpg
photo_5195019122587599130_y.jpg
photo_5195019122587599123_y.jpg
photo_5195019122587599117_y.jpg
photo_5195019122587599111_y.jpg
photo_5195019122587599105_y.jpg
photo_5195019122587599088_y.jpg
photo_5195019122587599083_y.jpg
photo_5195019122587599081_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Каракол шаарында заманбап канализациялык тазалоочу курулмалар курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев облуска болгон жумушчу сапарынын алкагында курулмалардын курулуш иштери менен таанышты. Бул объект суткасына 12 000 м³ саркынды сууну тазалоого жөндөмдүү.

"Калктын жашоо сапатын жакшыртууда жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда тазалоочу курулмалар өзгөчө роль ойнойт. Каракол шаарындагы бул долбоор — заманбап инфраструктурага жасалган олуттуу инвестиция. Бул объект Каракол шаарындагы санитардык инфраструктуранын сапатын жогорулатуу менен бирге, Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга да чоң салым кошот”, — деди Төрөбаев.

Долбоор саркынды сууларды тазалоонун толук процессин камтыйт. Мында механикалык жана биологиялык тазалоодон тарта хлорлоо жана фосфорду алып салууга чейинки процесстер заманбап европалык технологиялардын негизинде жүргүзүлөт (A2O методу, PAC-осаждение, автоматтык аэрация жана SCADA башкаруу системасы).

Бүгүнкү күндө эски курулмаларды демонтаждоо жана жер казуу иштери бүткөрүлүп, административдик корпус, кампалар жана көзөмөл пункттарынын курулушу аяктап, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Калган объекттерде бетон куюу жана арматура иштери уланууда. Жалпысынан курулуштун прогресси 40 пайызды түзөт. Алгачкы жабдуулардын партиясы 2025-жылдын август айында жеткирилет деп күтүлүүдө.

Белгиленгендей, долбоор Каракол шаарындагы экологиялык абалды жакшыртып, санитардык инфраструктуранын деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошот.