Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Каракол шаарында туристтер үчүн атайын автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы каттам аркылуу чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын башка аймактарынан келген туристтер шаардын тарыхый, маданий жана туристтик жайларына бара алышат. Маршрутка белгилүү эстеликтер, тарыхый комплекстер, музейлер жана башка туристтик объектилер киргизилген.
Туристтерди тейлөө үчүн мэрия эки электробус бөлгөн. Алгач автобус жумасына эки жолу каттайт, туристтердин агымы көбөйгөн сайын каттамды күн сайын жүргүзүү пландалууда.
Келечекте автобустардын санын көбөйтүү, маршрутту кеңейтүү жана ага шаардын башка туристтик жайларын кошуу каралган.