Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы май куюучу жайдын реконструкциялоо иштеринде мыйзам бузуулар аныкталып, "Реал Петролеум" ЖЧКсына 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл региондук башкармалыгы жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Карасаев көчөсү, 137Б дарегинде жайгашкан объектти пландан тышкары текшерген.
Текшерүү учурунда май куюучу жай иштебей турганы, анда резервуарды алмаштыруу, оператордук жайдын планын өзгөртүү жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Бирок реконструкциялоо жана кайра пландоо үчүн талап кылынган уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтер көрсөтүлгөн эмес.
Анын жыйынтыгында мыйзам бузууларды жоюу боюнча акт түзүлүп, объекттин жооптуу өкүлүнө жазма буйрук берилген.