Каракол шаарындагы ички жолдор 2-3 жылда толук оңдолуп бүтөт – шаар мэри

Маек Загрузка... 30 Октябрь 2025 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Каракол шаары өлкөбүздүн эң ири туристтик аймактарынын бири болгондуктан, жыл сайын миңдеген туристтерди кабыл алат. Ошондуктан шаар ичиндеги жолдордун абалы анын туристтик имиджин, шаардыктардын жашоо сапатын жана инфраструктуранын өнүгүшүн аныктаган эң маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев учурда калаадагы жол оңдоо иштеринин жүрүшү жана алдыдагы 2-3 жылда толугу менен ички жолдорду оңдоо максаты тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

- Каракол шаарында 2020-жылдан бери канча чакырым жол оңдолуп, дагы канча жолду оңдоо пландалган?

- Каракол шаары боюнча жалпы ички жолдун узундугу 630 чакырымга жетет. Азыркы учурда жаңы жолдорду салуу менен узундук бир аз өсүшү мүмкүн. Аймактык административдик реформанын негизинде Челпек айыл аймагы шаарга кошулган. Ошонун негизинде бизде 630 км ички жолдор бар. Анын ичинен акыркы 30 жылдын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттен оңдолгон жолдор бар. Бирок, 2020-2024-жылдар аралыгында бизде 34 км жол салынды. Мисалы, шаарга кире бериштеги Кыдыр-Аке, Абдрахманов жана Токтогул сыяктуу көчөлөр жаңы салынып, реконструкциялоо менен тротуарларын кошуп жасадык. Мында 34 км жол жана 50 км тротуар жасалды. План боюнча быйылкы жылга 31 км жол салуу каралган. Азыркы учурда 16 км бүтүп, ишке берилүү алдында турат. Калгандарына кум-шагыл төшөө жана башка иштер пландалган. Эгер аба ырайы жакшы болуп, ноябрь айынын жарымына чейин иштей турган болсок, дагы 5-6 км жолго асфальт төшөп коебуз. Калгандарына кум-шагыл төшөлүп, кийинки жылы жаз алды менен кошумча иштерди жүргүзөбүз.

- Аталган 630 км ички жолдун канчасы капиталдык оңдоого муктаж эле?

- Ачык айтканда бул ички жолдордун 80-90 пайызы капиталдык оңдоого муктаж. Арасында кээ бир жаңы конуштарыбыз бар. Учурда Челпек айыл өкмөтү тарабынан 6 км жолду Транспорт жана коммуникация министрлиги алып, оңдоо иштери бүтүп калды. Учурда жолдун акыркы чакырымдары салынып жатат. Кийинки жылы тротуары салынат. Ошондуктан биз кийинки жылга 100 км жол салууну пландап жатабыз. Жаңы конуштардагы, шаардын чет жактарындагы көчөлөр азырынча эскилиги жеткен боюнча эле турат. Арасында кум-шагыл төшөлгөн, эс нерсе төшөлбөй чаң чыгып турган көчөлөрүбүз да бар. Ошондуктан биз 100 км жол салууну, керек болсо андан да көп көчөлөрдү оңдоп, 2-3 жылда Каракол шаарындагы бардык ички жолдорду асфальттап бүтөлү деген пландарды коюп жатабыз.

- Сиз айтып жаткан жолдордун оңдоо иштери шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып жатабы?

- Жоок, шаардык бюджеттен мынчалык акча корото албайбыз. Шаардык бюджеттин көпчүлүк каражаты бул социалдык мекемелерге кетет. Өткөн жылы бекитилген бюджетке жараша, быйыл 15 млн сомдун тегерегинде гана бала бакчаны оңдоого бөлүнгөн. Мунун ичинен 18,5 чакырымы Президенттин иш башкармалыгынын планында, ал эми калган 13 чакырымы Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан курулуп жаткан жолдор. Ошентип бардыгы толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

- Аталган 5 жыл аралыгында атап өткөн жолдорду оңдоп-түзөөгө канча каражат сарпталды?

- Азыр министрлик жасап жаткан жолдордун бир чакырымы тротуары, дренаждык лотоктору менен 50 млн сомдун тегерегинде жасалып жатат. Ал эми биз айтып жаткан жолго 1 млрд 737 млн 679 миң 800 сом акча каражаты жумшалды. Бирок, бул жерде тротуарлар кээ бир жерде жасалбай калган. Биз пландаган 100 км да бул жолдун өзү эле. Тротуарлар салынбай калган жолдорго да тротуарларды киргиздик. Кийинки жылдан баштап, салынып баштайт.

- Каракол шаарынын борбордук көчөлөрү оңдолуп, мурункуга караганда азыр жүрүүгө ыңгайлуу болуп калдыбы?

- Албетте, 2021-жылы биз Түп районунда иштеп турган кезде Караколдун борбордук көчөлөрүнүн начар абалы биздин эсибизде. Азыр ал борбордук көчөлөрдүн бардыгы иретке келип, тиешелүү тротуарлары менен курулуп бүткөрүлгөн. Эми шаардын сырт жагындагы, жаңы конуштардагы жолдор сөзсүз түрдө оңдоого муктаж болуп турат. Келе жаткан жылдары биз ушул багытка өзгөчө көңүл бурабыз.

- Учурда Каракол шаарында абалы өтө начар, айдоочуларды нааразы кылган канча чакырым жол калды?

- Бир топ эле жол бар, ачыгын айтсам 630 чакырымдын 300-400 чакырымы оңдоого муктаж. Бул баягы жаңы конуштар, бизге кошулган Челпек айыл аймагына караштуу жолдор жана борбордун жанындагы эле жолдор жасалып жаткан учурда калып калган 50 - 100 метр болгон тилкелер. Биз быйылкы жылы ушул калып калган жол тилкелерин да планга киргизип, борбордун көчөлөрүн толук жасап бүтүрөбүз. Андан кийин оңдоого муктаж болуп чаң чыгып жаткан начар жолдорду жасоого киришебиз.

- Ички жолдор тууралуу айттыңыз, ал эми Караколду айланып өткөн жолдордун абалы кандай?

- Биз азыр шаардын башкы планын иштеп чыгып жатабыз. План сайтка да илинген. Ошол башкы планда Караколду айланып өтчү жол каралган. Азыркы учурда шаарды айланып өтчү жол жок. Планга кирбеген айланып өтүүчү жолдор талаа жолу сыяктуу болуп турат. Мисалы, Түп району жактан келатканда айланып өтчү жол менен Жети-Өгүзгө чыгып кетсе болот. Башкы планда биз ушуну көрсөттүк, келечекте ал жакта чоң трасса салынат.