Караколдо негизги эки көчө жыл аягына чейин толук жаңыланат

Аймак Загрузка... 05 Июнь 2026 11:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Каракол шаарында быйыл жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча эки ири долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Негизги объектилердин бири — Манас көчөсү, анда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү биринчи жолу болуп жатат. Белгиленгендей, бул тилкеде Советтер Союзунан бери асфальттоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Долбоор Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү алдында ишке ашырылууда.

Узундугу 1,1 чакырым болгон көчө заманбап стандарттарга ылайык толук жаңыланат. Бул жерде эки тилкелүү жол салынып, эки тарапка тротуарлар курулат, арыктар жасалып, заманбап көчө жарыктандыруу орнотулат.

Масштабдуу реконструкция Бектенов көчөсүндө да пландалган. Узундугу 2,3 чакырым болгон бул тилкеде да эки тилкелүү жол куруу, тротуарларды жасоо, ирригациялык арыктарды жана сырткы жарыктандыруу системасын орнотуу каралган.

Шаар мэри Талантбек Иманов белгилегендей, көп жылдардан бери тургундар көтөрүп келген инфраструктуралык маселелерди чечүү муниципалитеттин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Эки объект боюнча иштерди ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

"Долбоорлор ишке ашырылса, транспорт жана жөө жүрүүчүлөр үчүн шарттар жакшырып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулап, жакын жайгашкан райондордун жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт",-деп айтылат маалыматта.