Караколдо жаандан улам 6 турак үйгө кирген суулар толугу менен тазаланды

Аймак 19 Июнь 2026 19:25
IMG-20260619-WA0085.jpg
FB_IMG_1781875063585.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20260619-WA0085.jpg
FB_IMG_1781875063585.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үйлөргө кирген суулар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн жааган жаандын кесепетинен арыктарга суу батпай, Ленин, Алдашев, Пионер, Гебзе, Мурманский көчөлөрүндө жалпы 6 турак үйгө суу кирген.

Жерине куткаруучулар жана жарандык коргонуу кызматкерлери тартылып, үйлөр толугу менен тазаланды.