Караколдо JARYK Fest 2025 фестивалы өтөт. Өнөктөштөр чакырылат

Аймак Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:00
copyright icon Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. 6-декабрда "Каракол" тоо лыжа базасында өлкөнүн эң жаркын кышкы фестивалы – JARYK Fest 2025 өтөт. Бул тууралуу Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Иш-чара кышкы сезондун ачылышына карата уюштурулуп, маданият, музыка, кышкы активдүүлүк жана башкы шоу – Mass Descent of Nations (улуттук кийимдер менен тоодон ылдый түшүү) менен коштолгон улуттук фестиваль болору белгиленүүдө.

"Керемет окуянын бир бөлүгү болгуңуз келеби? Анда бизге кошулуңуз! Бренд-зоналар, активдүү интеграциялар, аянтчаларды колдоо – биз сиздин брендиңизди жаркырата турган форматты табабыз", – деп кайрылышты фонддон.

Байланыш телефону: +996 559 960633.