Караколдо драма театрдын жаңы заманбап имараты курулат

Маданият Загрузка... 17 Март 2026 17:35
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын имараты толугу менен бузулуп, анын ордуна жаңы заманбап объект курулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине театрдын директору Таалайбек Тургунов билдирди.

Анын айтымында, 1983-жылы пайдаланууга берилген азыркы имарат авариялык абалда турат.

"Өз убагында имарат ашар жолу менен жана курама конструкциялардан курулгандыктан, жылдар өткөн соң эскирип, жараксыз болуп калды. Азыр биз ири курулуштун алдында турабыз. Эски имарат бузулуп, анын ордуна архитектуранын жана техниканын акыркы талаптарына жооп берген жаңы театр курула баштайт", – деди жетекчи.

Белгилей кетсек, жаңы имаратта 1000 жана 350 орундуу эки көрүү залы пландалууда. Ошондой эле имараттын ичинде конференция залдары жана облустук китепкана жайгашат. Курулушту 2028-жылы бүткөрүү мерчемделген.

1

Таалайбек Тургунов маданият мекемелеринин автопаркын жаңылоодо мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу колдоону да белгилеп өттү.

"Буга чейин бизде 7 жана 17 орундуу транспорт бар эле, жакында 15 орундуу микроавтобус алганбыз, ал эми бүгүн бизге жеңил унаа тапшырышты. Бул жамааттын ишин кыйла жеңилдетет", – деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта Маданият министрлигине караштуу мекемелерге 117 кызматтык унааны тапшыруу аземи өттү.