Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Каракол шаарындагы мал союучу, эт сатылуучу жайларда жана азык-түлүк базарларында мониторинг жүргүздү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, шаарда 4 мал союулучу пункту, 18 эт сатылуучу жайлар жана азык түлүк базарында бир ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясы иш алып барат.
Эрежеге ылайык базарга чыккан эттерде ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын мөөрү болууга тийиш. Бул - атайын текшерүүдөн өткөн, коопсуз эт дегенди билдирет. Ал эми сүт жана сүт азыктары атайын лабораторияда текшерүүдөн өткөн соң гана сатууга уруксат берилүүгө тийиш.

Мониторингдин жүрүшүндө аталган объектилердин ветеринардык-санитардык абалы, тазалыгы, ветеринардык коштоочу документтердин туура жүргүзүлүшү, ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ветеринардык талаптарды так сактоо боюнча сунуштар жана практикалык кеңештер берилди.