Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Караколдо 14,2 млн сом мамлекеттик кредиттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан карызкор "Лена Фешн" ЖЧКсынын негиздөөчүсү, О.М.Жга карата мамлекеттик кредитти өндүрүү боюнча аткаруу иши аягына чыгарылды.
Аткаруу өндүрүшү Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде козголгон. Ага ылайык, карызкордон Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын пайдасына 14 млн 270 миң сом өндүрүү белгиленген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2026-жылдын 3-мартында 14 млн 270 миң сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлүп, соттун чечими толук аткарылды.