Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Каракол шаарында 120 МВттык жылуулук электр борбору курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында курула турган жылуулук электр борборунун долбоору менен жеринен таанышты.
"Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон жаңы объектини 110/35/10 кВ "Пржевальск" көмөк чордону аркылуу электр тармагына кошуу маселеси каралды", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул борбор ишке киргенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы Каракол шаарынын керектөөсүн толук камсыздоого мүмкүндүк берет.