Каракол туризмди өнүктүрүү борборуна айланат. Шаарда заманбап оорукана салынат

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 16:05
2020-10-24_21-06-17.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.09.25./Кабар/. Каракол шаарында «Үч чоку» туристтик кластерин куруунун алкагында жаңы оорукана курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарында облустук оорукана үчүн жаңы имарат курулат. Курулуш 2024-жылы токтотулган, азыр бул иштер кайрадан жанданган.

«Мындан тышкары, мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча «Үч чоку» туристтик кластерин куруунун алкагында жаңы оорукана салынат», - деди министр.