"Каракол" тоо лыжа базасына баруучу жол тынымсыз тазаланууда

Аймак Загрузка... 19 Декабрь 2025 13:35
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу максатында "Каракол" тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын № 11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Эске салсак, "Каракол" тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

"Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана тазалоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет",-деп айтылат маалыматта.