Караколдогу стадионду реконструкциялоо иштери аяктады

Аймак 13 май 2025 12:15
495371607_1126.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
495003855_1126.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494963620_1126.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
495371607_1126.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
495003855_1126.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494963620_1126.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек 13.05.25 /Кабар/. Каракол шаарындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарылууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Жаңыланган стадиондун салтанаттуу ачылышы 23-майда өткөрүлүп, андан соң пайдаланууга берилет.

Маалыматта белгиленгендей, реконструкциянын алкагында стадион заманбап түрдө жасалгаланып, трибуналар жаңыланып, улуттук чемпионаттын талаптарына жооп бергидей инфраструктура орнотулду.

Ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинен кошумчалашкандай, оңдоп-түзөө иштеринен өткөн стадион Кыргызстандын Премьер-Лигасында Каракол шаарын таанытып жүргөн "Барс" футбол клубунун машыгуучу аренасына айланат.