Каракол шаарындагы стадион качан ачылары белгилүү болду

Спорт Загрузка... 13 Май 2025 14:31
IMG_4037.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. 23-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш азем КР Премьер-лигасынын 11-турунун алкагындагы "Барс" (Каракол) – "ОшМУ" (Ош) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат.

Ачылыш азем саат – 18:00дө башталып, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00дө жаңырат.

Азем белгилүү ата мекендик алдыңкы эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.