Каракол мэриясынын делегациясы Манас шаарынын өнүгүү тажырыйбасы менен таанышты

Аймак 9 октябрь 2025 18:29
557591105_1586461655668937_1578708758320316816_n.jpg
558060365_1586463579002078_6762674388876002531_n.jpg
558223267_1586461232335646_9168779200294081545_n.jpg
558236792_1586463152335454_8178109609356374761_n.jpg
558299757_1586462899002146_8968939287043781184_n.jpg
558368501_1586463325668770_8368328749240750882_n.jpg
558679167_1586463035668799_2560230036110787577_n.jpg
558872849_1586460755669027_2858592048890592320_n.jpg
558874173_1586461902335579_9189967736143109642_n.jpg
559007031_1586461405668962_4414267282061141116_n.jpg
559413115_1586461349002301_747350534316569574_n.jpg
559804082_1586461775668925_3940055870527182770_n.jpg
560464623_1586462849002151_6970575894573164548_n.jpg
560998727_1586461842335585_7486921366775691982_n.jpg
561060620_1586461492335620_1707421728116592123_n.jpg
561634842_1586462969002139_5403828716465532385_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бүгүн мэр Каныбек Адиев жетекчилиги менен Каракол шаарынын мэриясынын делегациясы Манас шаарына тажрыйба алмашуу максатында иш сапар менен келишти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, делегациянын курамында мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери бар.

Аларды Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жылуу маанайда тосуп алышты.

Алгач, шаар башчысы келген конокторго мэриянын жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын тааныштырды.

Андан соң жыйындар залында эки тараптуу кызматташтыкты жана достук мамилени бекемдөө максатында меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Манас шаарында соңку 5 жыл аралыгындагы өзгөрүүлөр, ишке ашып жаткан ири долбоорлор, жаңыдан курулуп жаткан объектилер боюнча видео тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү шаардагы мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүн, бир катар курулуш объектилериндеги жумуш ыргагын, парктардын ишмердүүлүгүн жеринде көрүү менен улантылды.

Иш-чаранын негизги максаты Манас шаары менен Каракол шаарынын ортосундагы достук мамилени түзүү, тажырыйба алмашуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат.