Каракол менен Брест боордош шаарлар болду

Коом Загрузка... 02 Июль 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин көмөгү менен Каракол шаарынын күнүн майрамдоонун алкагында Брест шаардык Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лободинский жетектеген Брест шаарынын делегациясынын иш сапары болуп өттү. Бул тууралуу элчи Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Элчи белгилегендей, сапардын жүрүшүндө тараптар Каракол жана Брест шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелери боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул документ ар кандай тармактарда, анын ичинде экономика, маданият, спорт, туризм жана башка тармактарда узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негиз болот.