Каракөл ГЭСинин курулушу 80 пайызга аяктады

Экономика 12 август 2025 12:04
bc9806b4-fbab-4d03-90f2-0f6fdd7ad657.jpeg
2410d357-a3b1-4878-8c58-4e8c2daa92d7.jpeg
457f617b-c3e2-4de8-82c8-4257a7e6eccd.jpeg
9feda841-70d1-466a-8bd9-1e5900033302.jpeg
2d48e65e-1438-48a1-89b8-001786a6c5a2 (1).jpeg
0bdaf58b-e271-48f6-86eb-bdb5dcebfc33.jpeg
0b2a5673-5991-48ea-8be3-070f6a2214dd.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясынын боюна курулуп жаткан Каракөл ГЭСинин курулушу кызуу жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө ГЭСтин курулушу 80 пайызга бүтүп, төмөнкүдөй иштер аткарылууда:

  • башкы суу алуучу курулуш толугу менен бүткөрүлдү;
  • ГЭС имаратынын колонналарын, крандардын устундарын, жогорку курулуш металл конструкцияларын жана чатырын монтаждоо иштери аяктады;
  • алуу каналдарын бетондоо боюнча жана сэндвич-панель дубалдарын монтаждоо иштери жүрүүдө;
  • басым түтүгүн монтаждоо акыркы этабында, калган түтүк барчасы монтаждалууда;
  • жерди даярдоо жана жер казуу иштери аяктады;
  • подстанциянын жабдууларын орнотуп, монтаждоо акыркы баскычта;
  • №1 жана 2 гидротурбиналардын орнотулган тетиктери, ошондой эле бардык жабдуулар курулуш аянтчасына жеткирилди;
  • курулуш кранын монтаждоо иши сонуна келди

Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Станциянын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты, ал эми орточо жылдык электр энергиясын өндүрүүсү 110 млн кВт/саатты түзөт. Каракөл ГЭСинин курулушу болжол менен быйылкы жылдын аягына белгиленген.