Каракол эл аралык деңгээлдеги стадионго ээ болду - Медербек Сыдыков

Спорт Загрузка... 24 Май 2025 12:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.05.2025. /Кабар/. Каракол шаарында стадионду реконструкциялоо иштери толугу менен аяктап, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, реконструкциялоо иштери 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган.

Эки жылдын ичинде бардык объектилерди толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, учурда стадион эл аралык турнирлерди өткөрүү талаптарына жооп берет.

“Буга чейин стадиондун аянты 5 гектар болсо, азыр 7 гектарды түзөт. Талаанын бети гибриддик болуп капталып, заманбап жарыктандыруу жана автоматтык сугат системалары орнотулган. Мындан тышкары, алты чуркоочу жолдун курулушу бүткөрүлүп, 215 унаа үчүн унаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле стандарттарга толук жооп берген эки машыгуу аянтчасы курулду”, - деди Сыдыков.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келечекте чыгыш трибунасынын курулушу пландалып жатканын кошумчалады.