"Каракол" эл аралык аэропортунда чоң учактарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө

Коом 20 июнь 2025 13:09
493022205_10006035312815220_8511465465475100482_n.jpg
493906878_10006036332815118_1919778837922881252_n.jpg
498228406_10006035909481827_3133691799319447930_n.jpg
505083297_10006034782815273_1036920674095668780_n.jpg
510294480_10006034102815341_2833845409359704916_n.jpg
Алдыга
Артка
493022205_10006035312815220_8511465465475100482_n.jpg
493906878_10006036332815118_1919778837922881252_n.jpg
498228406_10006035909481827_3133691799319447930_n.jpg
505083297_10006034782815273_1036920674095668780_n.jpg
510294480_10006034102815341_2833845409359704916_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. "Каракол" эл аралык аэропортунда чоң учактарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын башчысы манасбек Самидинов билдирди.

Анын маалыматына караганда, учурда аэропорттун учуп-конуу тилкесин узартуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесинин узундугу 2450 метрди түзүп, белгилүү бир класстагы учактарды – мисалы Dash 8 Q400, RJ85, ошондой эле чакан бизнес учактарын тейлей алат.

"Жакынкы арада курулуш иштери аяктагандан кийин учуу тилкенин узундугу 1300 метрге узарып, жалпы узундугу 3750 метрге жетет. Бул техникалык жаңылануу аэропорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Учуп-конуу тилкесинин кеңейтилген параметрлери орто магистралдуу жана кең фюзеляждуу аба кемелерин, анын ичинде Airbus A320, A321, Boeing 767, ошондой эле Ил-76 сыяктуу оор жүк ташуучу учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Келечекте “Каракол” эл аралык аэропорту туристтерди мындан да көбүрөөк кабыл алууга, коммерциялык жана гуманитардык жүктөр үчүн натыйжалуу логистиканы камсыздайт.
Бул долбоорду ишке ашыруу - региондорго жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, туризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын күчөтүүгө багытталган Кыргызстандын аймактык аэропортторун модернизациялоонун жалпы программасынын бир бөлүгү болуп саналат.