Сак болуңуз! Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Аймак Загрузка... 24 Ноябрь 2025 17:16
k-chk-.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 25-26-ноябрда шамалдын күчөшүнө байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу мүмкүн.

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

ӨКМ Каракол – Эңилчек жолуна чыгуудан, жайыттарга мал жаюудан алыс болууну,
унаада күрөк, дары-дармек кутучасы жана ысык суу ала жүрүүнү эскертет.