Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Аймак Загрузка... 05 Ноябрь 2025 10:50
lavina.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкөнүн тоолуу аймактарында күтүлүп жаткан кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 5-ноябрдан 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.