Каракол – Эңилчек унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды

Аймак 793 10 Февраль 2026 18:10
632323442_17938931022135256_6436517363250295674_n.jpg
631531652_17938931043135256_6998215061352380536_n.jpg
631600999_17938931040135256_1225981162863570352_n.jpg
631867657_17938931013135256_278452627174069616_n.jpg
633846755_17938931052135256_5448285442169060045_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Күн мурун Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Кар көчкү аталган унаа жолдун 82-84-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда эки жерден түшүп, жалпы көлөмү 8 270 куб метрди түзгөн. Анын ичинен 760 куб метр кар көчкү унаа жолго чейин жеткен.

Жабыркагандар жок. Жерине №11 Жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, унаа жол тазаланып, ачылган.