"Каракол" аэропорту чоң жүргүнчү учактарын кабыл алууга даяр

Аймак 28 10 Август 2026 11:30
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Бүгүн "Каракол" эл аралык аэропортуна биринчи жолу Airbus A320 учагы техникалык каттам менен конду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык каттамдын алкагында Airbus A320 учагы жаңыланган учуп-конуу тилкесине конуп, анын абалы текшерилди. Учак "Авиатрафик" авиакомпаниясына таандык.

"Каракол" аэропортунда реконструкциянын алкагында учуп-конуу тилкеси узартылды. Буга чейин анын узундугу 2 450 метр болсо, учурда 3 750 метрге жетти. Натыйжада аэропорт Airbus A320, 737 жана 777 сыяктуу ири учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жүргүзүлгөн иштер Каракол аэропортун эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдоого багытталган.