Караколдо дайынсыз жоголгон 76 жаштагы карыя аман-эсен табылды

Аймак 166 19 Август 2026 10:10
62574.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Караколдо дайынсыз жоголгон 76 жаштагы карыя аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-августта Каракол шаарынын Пристань дачасында 1950-жылы туулган Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Ш. А. аттуу жаран көл жээкте балык кармап отуруп, басып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Жерине издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө 25 куткаруучу, туугандарынан төрт адам жана 6 милиция кызматкери тартылган.

Издөө иши көлдүн ичинен жана жээгинде ошондой эле дрондун жардамы менен да жүргүзүлгөн.

18-августта түнкү саат 12:00 чамасында ӨКМдин куткаруучусу тарабынан Каракол шаарында жол жээгинде жаткан абалда Ш.А. аман-эсен табылып, туугандарына жеткирилген. Абалы жакшы.