Каракөл ГЭСинин курулушу аяктоо этабына жетти

Коом 30 сентябрь 2025 13:00
556386141_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
558142331_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
557499661_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
557087581_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
556945335_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
556877216_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
556230308_7903.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. «Чакан ГЭС» ААК Каракөл ГЭСинин курулушунун 90 пайызын бүтүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, учурда негизги курулмалардагы иштер жыйынтыкталды. Тактап айтканда, ГЭСтин имараты, анын ичинде машиналык зал, анда негизги жана көмөкчү жабдуулар орнотулган, башкы суу алуучу курулуш, суу чыгаруу каналы, напордук суу түтүгү.

Мындан тышкары, ГЭС тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын тармакка берүү үчүн кызмат кылуучу 110 кВ чыңалуудагы көмөк чордону жана аба электр берүү линиясынын курулушу 100 пайызга аяктаган. Учурда релейдик коргоо жана автоматика түзмөктөрүн, ошондой эле 10 кВ чыңалуудагы кабелдерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бардык курулуш-монтаж иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: станциянын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты түзөт, ал эми орточо жылдык электр энергиясы өндүрүшү — 110 миллион кВт·саат. Каракөл ГЭСинин курулушу ушул жылдын аягына чейин аякташы күтүлүүдө.